• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЖКККББ: Унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында жол чийиндери текшерилүүдө

Коом 0

Бишкек, 20.07.23./Кабар/. Жол кырсыктарынын алдын алуу багытында жол чийиндери текшерилип, тийиштүү кызматтарга сунуштар берилүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЖКККББнын жол көзөмөлдөө бөлүмү Кыргызстандын баардык авто жолдорун жеринен кароо иштерин жүргүзүп, жетишпеген жол чийиндерин, жол белгилерин, темир-бетон менен бөлүүчү парапеттердин керектигин же жаңылоого муктаж экендигин карап чыгып, аларды жаңылоо жана орнотуу боюнча тийиштүү кызматтарга сунуштарын берүүдө.

"Анткени, түнкү убакта жана туман учурунда жол чийиндери көрүнбөй, айдоочулар жолдон чыгып кетип, жол унаа кырсыктарына кабылган фактылар кездешүүдө. Ошондой эле трассаларда жолдун ортосун бөлүп турган темир-бетон менен бөлүүчү парапеттердин жоктугунан айдоочулар каршы тилкеге чыгып, жол кырсыктарына кабылган учурлар да бар", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда, ЖКККББ тарабынан төмөнкү жолдордо жол чийиндери жок экени аныкталды:

- Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 30-90-чакырымына чейинки бөлүгүндө;

- Чүй облусунун Бишкек - Ош унаа жолунун 112-209-чакырымына чейинки болүгүндө;

- Жалал-Абад облусунун Бишкек - Ош унаа жолунун 209-589-чакырымына чейинки бөлүгүндө;

- Ош облусунун Бишкек - Ош унаа жолунун 589-666-чакырымына чейинки бөлүгүндө;

- Талас облусунун Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолунун 0-35-чакырымына чейинки бөлүгүндө.

Белгиленгендей, аны тез арада орундатуу боюнча Транспорт жана коммуникациялар министрлигине тиешелүү сунуштар жөнөтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий