• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Комуз формасындагы пирс. Президент кыргызстандыктардын арасында сурамжылоо жүргүзүүдө

Президент 0

Бишкек, 05.05.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү "Рух Ордо" туристтик борборундагы жаңы пристин долбоору боюнча мекендештер арасында сурамжылоо жүргүзүүдө.

Өлкө башчысы бул кабар кайчы пикир жаратып жаткандыктан сурамжылоо жүргүзүүнү демилгелегендигин билдирген.

"...Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” туристтик комплекси былтыр мамлекеттин карамагына өткөн. Албетте мурда жакшы каралбай калгандыктан кунары кача түшкөн. Быйыл оңдоп-түзөө иштерин жүргүзө баштадык. Кудай буюрса жакын арада туристтерди кабыл алып баштайт.

Мына ушул “Рух Ордого” эң чоң пирс салынып жатат. Ал пирстин формасы комуз түрүндө болот. Ортосунда боз үй формасында айнек ресторан болот. Ресторанда улуттук тамактар гана берилет. Тейлөө кызматындагылар улуттук кийим киет. Кыскасы улуттук колоритибизди көрсөткөн туристтик комплекс кылалы деп иш баштаганбыз.

Кечээ эле өзүм барып иштин жүрүшү менен таанышып келгем.

“Быйылкы жайкы туристтик сезонго даяр кылабыз”,- деп куруучулар сөз беришти.

Анан мага бүгүн басма сөз-катчым телефон чалып, социалдык түйүндөрдө комуздун формасы түшүрүлгөн пирске катуу сын айткандар көп болуп жаткандыгын билдирди. Мына ошондуктан жалпы коомчулуктан сурамжылоо кыламын. Ким колдосо “Ооба” деп добуш бергиле, ким колдобосо “Жок” деп добуш бериңиздер.

Сөзсүз көпчүлүктүн каалоосун эске алабыз. “Жок” дегендер көптүк кылып кетсе анда долбоорду өзгөртүп коюш беш секундда", - деп жазган мамлекет башчысы социалдык тармактагы баракчасына.

Пикир

Оставить комментарий