• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте президенттин ант берүү аземи учурунда тартип бузуулар катталган жок – ИИМ

Коом 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүүсүнүн салтанаттуу процедурасын өткөрүү учурунда укуктук тартиптин бузулушуна жол берилген жок. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 28-январда Бишкектин Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында президенти Садыр Жапаровдун инаугурациясы өттү.

"Ички иштер органдары башка укук коргоо органдары менен биргеликте инаугурация учурунда коомдук коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыздашты. Чет өлкөлүк маалыматтык агенттиктердин берген баасы боюнча бул маанилүү иш-чара жогорку деңгээлде өттү", - деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлиги Бишкек шаарынын тургундарына жана укук коргоо органдары тарабынан коомдук тартипти жана жол коопсуздугун сактоо боюнча көрүлгөн чараларына жана кызматтык милдеттерин аткаруусуна түшүнүү жана толук жоопкерчилик менен мамиле кылгандыктарына терең ыраазычылыгын билдирет.

Пикир

Оставить комментарий