• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көл X эл аралык марафону быйыл 14-майда өтөт

Спорт 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Быйыл XXII Олимпиада оюндарында коло медаль жеңген Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган ШКУнун Run the Silk Road Ысык-Көл IX эл аралык марафону Чолпон-Ата шаарында 14-майда өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Марафондун максаты сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу, калкты дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу, спорттук иш-чаралар аркылуу ШКУга мүчө өлкөлөрдүн кызматташтыгын бекемдөө, эл аралык достук, спорттук байланыштарды жана туризмди өнүктүрүү, аймактагы күчтүү марафончуларды аныктоо.

Ошондой эле 2021-жылдан тарта Ысык-Көл эл аралык марафонунун нормативин аткарган спортчуларга дүйнө чемпионатына, Олимпиада оюндарына жана Азия оюндарына жолдомо берилет.

Спорттук иш-чарага 3 миңден ашык ШКУга мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы спортчулары жана Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү катышуусу күтүлүүдө. Спортчулар 42 чакырым 195 метр (марафон), 21 чакырым 97 мерт (жарым марафон), 10 чакырым жана 3 чакырым аралыкка жүгүрүшөт.

Мындан сырткары, спорттук жарыштын алкагында 3 жана 10 чакырымга скандинавиялык басуу каралган. Марафон жана жарым марафонго (42 жана 21 чакырым) чуркаган спортчулар үчүн жалпы 1 млн 44 миң сом байге фонду катары коюлган.

Пикир

Оставить комментарий