• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сузакта 62 жаштагы жаран дайынсыз болууда

Кырсык 0

Бишкек, 06.05.24. /Кабар/. Сузак районунун Кара-Дарыя айылынын 62 жаштагы тургуну Абдимаминов Иманали Козубаевич изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 25-апрель күнү саат 14:00 чамасында Жалал-Абад шаарынан Бишкек шаарына барам деп чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда.

Учурда Иманали Абдимаминовдун жүргөн жерин аныктоого мүмкүн болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 165-170 см, өңү кара-тору, кашы-көзү кара, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: кара түстөгү кемзир, ичинде кара түстөгү джемпир, кара спорттук шым жана бутунда ак түстөгү кроссовкачан болгон.

"Дайынсыз болуп жаткан Абдимаминов Иманали Козубаевич тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо төмөнкү номерлер аркылуу кабарлап коюуңуздарды суранабыз: тел.: 102, (03722) 5 28 31, 0504 48 49 44", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий