• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Бишкектеги түнкү башаламандык учурунда 29 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 18.05.24. /Кабар/. Бишкектеги түнкү башаламандык учурунда 29 адам жабыркады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкекте 17-майдан 18-майга караган түнү орун алган окуянын кесепетинен тез жардам кызматына 29 адам медициналык жардам сурап кайрылган.

Алардын ичинен 15 адам Шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлдү.

18-майдын таңына карата Шаардык тез жардам ооруканасында эки бейтап дарыланууда. Аларга баш мээнин жабык травмасы, мээнин чайкалышы деген диагноз коюлган. Бейтаптардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.

Ал эми бир жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга кеткен.

12 жабырлануучу ар кандай жаракаттар менен Улуттук госпиталга жаткырылып, алардын 11и тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга чыгышты.

Бүгүн, 18-майда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталдын Бет-жаак хирургиясы бөлүмүнө барып, жаак сөөгү сынган деген диагноз менен жаткырылган пакистандык жарандын ден соолугунун абалы менен таанышты. Бейтаптын жаак сөөгүнүн сынган жерин ордуна келтирүү үчүн операцияга даярдалып жатат.

Саламаттык сактоо министри Улуттук госпиталдын жетекчилигине жабырлануучуга бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий