• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токмокто азык-түлүк сатуучу дүкөн толугу менен күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 17.11.17. /Кабар/.Токмокто азык-түлүк сатуучу дүкөн толугу менен күйүп кетти. Азырынча өрттүн себеби тактала элек,-деп кабарлашты ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, өрт бүгүн, 17-ноябрда түнкү саат 01:47 чамасында Чүй облусунун Токмок шаарындагы Жантаев көчөсүндөгү №3 даректе азык-түлүк сатуучу дүкөндө катталган.

“Өрттүн кесепетинен 12 чарчы метр дубалы, 4 даана муздаткыч, 2 стол, азык-түлүктөр күйгөн”,-деп айтылат маалыматта.

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин 21-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучуларынын 1 бөлүм тартылган.
Учурда өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий