• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүйдө эки унаа кагылышып, 5 адам каза болду. Окуянын чоо-жайы

Кырсык 0

Бишкек, 24.07.18. /Кабар/. Чүй облусунда Ford Transit жана Toyota Camry үлгүсүндөгү унаалар бетме-бет кагылышкан. Натыйжада 5 киши каза болуп, дагы экөө ооруканага жеткирилген.

Автоинспекторлордун маалыматына ылайык, Ford Transit унаасынын айдоочусу рулда уктап кетип, жол кырсыгынын себепчиси болгон.

Кырсык 24-июлда эртең мененки саат 08:15те катталган.

Ford Transit үлгүсүндөгү унаанын 24 жаштагы айдоочусу Станция Ивановка жана Ак-Сай айылдарынын ортосунда түштүктөн батышты көздөй бара жатып, рулду башкара албай калып, карама-каршы тилкеге чыгып, 34 жаштагы Д.А., аттуу жаран башкарып бара жаткан Toyota Camry унаасы менен сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен Ford Transit унаасынын айдоочусу жеринде каза болгон.

Toyota айдоочусу жана үч жүргүнчү Ысык-Ата райондук ооруканада каза болушкан. Инспекторлор кабарлашкандай, эки баш бала ооруканага жеткирилген.

Ford Transit унаасынын айдоочусунун атасы уулу кечээ талаа суугарып, кайтып келе жаткандыгын билдирген.

Учурда соттук-медициналык жана автотехникалык экспертиза дайындалды. Тергөө иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий