• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек-Торугарт жолунда айдоочу рулга ээ боло албай кырсыктаган. Экөө жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 05.02.21. /Кабар/. Кечээ, 4-февралда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 368-чакырымында (Кызыл-Бел ашуусу) Лексус-RX300 унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен 35 жана 57 жаштагы эки аял киши жеңил жаракат алышкан.

Жабыркаган жарандар тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Куткаруучулар унааны жолго чыгарууга жардам беришкен.

Пикир

Оставить комментарий