• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

КР делегациясы Ландсбергдеги айыл чарба техникаларын сатуу борборуна барды

Коом 0

Бишкек, 26.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын делегациясы Ландсберг шаарындагы "CLAAS Gebrauchtmaschinenzentrum" компаниясына барды. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-апрелде Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев, Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин, "Айыл Банк" ААКтын, РСК Банктын, "МТС К.О. Стандарт Агросервис" ЖЧКнын өкүлдөрүнөн турган КР делегациясы Ландсберг шаарындагы колдонулган айыл чарба техникасын сатуу "CLAAS Gebrauchtmaschinenzentrum" борборуна барды.

Жолугушуунун жүрүшүндө CLAAS колдонулган техникасын сатуу департаментинин башчысы Хубертус Кюстерс айыл чарба техникаларын сатып алуунун шарттары жана артыкчылыктары тууралуу маалымат берди.

Кыргызстандын делегациясы менен CLAAS компаниясынын өкүлдөрүнүн ортосунда жаңы техникага караганда 20-40% арзан айыл чарба техникаларын Кыргызстанга жеткирүү боюнча кеңири пикир алмашуу болду. Ошол эле учурда, тейлөөдөн өткөн колдонулган техниканын сапаты бардык CLAAS стандарттарына жооп берет.

Кыргызстандын өкүлдөрү менен CLAAS компаниясынын ортосунда кошумча консультацияларды өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий