• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков мамлекеттик ишмердин жакшы мектебинен өткөн - Эсенгул Өмүралиев

Коом 0

Бишкек, 19-май /Мирлан Киизбаев - Кабар/. Сооронбай Жээнбеков жакшы мектептен өткөн. Ал президенттик кызматка даярданып келген. Мындай пикири менен коомдук ишмер Эсенгул Өмүралиев бөлүштү.

“Чындыгында, ал жакшы мектептен өттү. Негизи, анын премьер-министрлик кызматка дайындалганы ушуга багытталган”, -деп билдирди Э.Өмүралиев.

Коомдук ишмер С.Жээнбековдун талапкерлигин Кыргызстандын президенттигине көрсөтүү ойлонулган жана салмакталган чечим болгондугун кошумчалады.


“Менимче, анын талапкерлигин көрсөтүү КДСПнын ойлонулган чечими болду. Ал башка талапкерлердин тизмесинде кандай орун ала тургандыгы башка иш. Муну убакыт жана шайлоо гана көрсөтөт”, - деп билдирди Э.Өмүралиев.

Пикир

Оставить комментарий