• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

“Мен патриот” турниринде “Шумкар” атайын багыттагы полкунун 17 кызматкери медаль тагынды

Коом 0

Бишкек, 22.02.21. /Кабар/. 23-февраль – Ата мекенди коргоочулар күнүнө карата 2021-жылдын 20-21-февраль күндөрү “Газпром” спорт комплексинде күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин катышуусунда “Мен патриот” аталышындагы аскердик кол кармашып урушуу боюнча эл аралык турнир өттү. Бул тууралуу ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун басма сөз кызмты билдирди.

“Күч түзүмдөрүндө чыныгы мырзалар кызмат өтөөрү анык. Кызматкерлер физикалык жактан чымыр денелүү, жүрөгүндө жалыны бар эр азаматтар экендигин эч ким тана албайт. Турнирде ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун 65 кызматкери ар кандай салмакта күч сынашып, анын ичинен 17 кызматкер байгелүү орундарды камсыздашты. 17 медалдын ээлерин полктун жалпы өздүк курамы куттуктап, мындан ары дагы спортто ийгиликтерди каалашып, кызмат менен спортту эриш-аркак бирге алып жүрүүлөрүнө тилектештигин билдиришти”,-деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, турнир Аскердик кол күрөш федерациясы тарабынын уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий