• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркияда КР жаранын өлтүрүүгө шектүү кармалды

Коом 0

Бишкек, 21.03.18 /Кабар/. Денизли провинциясынын Памуккале районунда Кыргызстандын 26 жаштагы Ж. кызы Ы. аттуу жаранын өлтүрүүгө шектүү эркек кармалды. Бул тууралуу Dogan түрк маалымат агенттиги билдирет.

Басылманын маалыматы боюнча, кармалган адам 30 жаштагы Түркиянын жараны. Ал аталган провинциянын Каршыяк районунда касапчы болуп иштери маалымдалууда.

Маалыматка ылайык, шектүү кыргызстандык кызды официант болуп иштеген кафеден кайтып келе жатканда үйүнө жеткирип коюуну сунуштаган. Кыз макул болгон эмес. Ошондо шектүү кызды күч менен унаага салып, элсиз жерге алып барып, агенттиктин маалыматына ылайык, зордуктап, андан соң жол кырсыгы катары көрсөтүү үчүн аны унаа менен тебелетип кеткен.

Кармалган адам камакка алынды. Ага карата кылмыш иши козголду.

Буга чейин КР ТИМ 19-мартта Денизли провинциясынын Памукалле районунда 26 жаштагы КР жараны Ж. кызы Ы. кыйноо менен өлтүрүлгөн сөөгү табылганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий