• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек мэриясы: дагы 47 откана жылытуу мезгилине даяр

Коом 0

Бишкек, 18.08.21. /Кабар/. Бишкекте алдыдагы жылытуу мезгилине даярдыктарды көрүү, бардык отканаларда оңдоо иштерин өткөрүү улантылууда. Бул тууралуу "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы билдиргендигин шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 66 откананын дагы 47си толугу менен даяр.

"Казандар тазаланып, оңдолду, насостор, клапандар, электр жабдуулары, автоматташтыруу жабдыктары жана косметикалык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Кызматкерлер ар кандай диаметрдеги 1 422 метр жылуулук түйүндөрүн алмаштырышты. Отканалардагы бардык жумуштар бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп, “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын тыкыр көзөмөлүндө", - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий