• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстандагы кыргызстандыктар "Чалдыбар" жана "Чоң-Капка" өткөрүү пункттары менен гана кайта алышат

Коом 0

Бишкек, 07.01.22. /Кабар/. Казакстандагы Кыргызстандын жарандары мекенине Чүй облусундагы “Чалдыбар” жана Талас облусундагы “Чоң-Капка” өткөрүү пункттары аркылуу гана кайта алышат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Казакстандагы акыркы окуяларга байланыштуу кыргыз-казак чек арасындагы "Кең-Булуң - унаа жолу", "Токмок - унаа жолу", «Ак-Жол» жана "Ак-Тилек - унаа жолу" өткөрүү пункттарында 2022-жылдын 7-январынан тарта казак тараптын демилгеси менен адамдар жана унаалардын өтүүсү токтотулган.

Белгиленгендей, Кыргызстандын жана үчүнчү өлкөнүн жарандарынын Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик өтүүсүнө убактылуу тыюу салынган.

Министрлик Казакстандын аймагында жайгашкан мекендештерибизди өлкөдө туруунун мыйзамдарын жана эрежелерин туура сактап, чагымчылдыкка алдырбай, кандайдыр бир чыр-чатактуу окуяларга катышпоого, адамдар көп чогулган жерлерге барбай, жашаган жеринен алыс чыкпоого дагы бир ирет чакырып кетет.

КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаментинде, Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинде жана Алматы шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунда ыкчам байланыш телефондору иштеп жатат, ал номерлер аркылуу Казакстандын аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук-укуктук жардам алуу боюнча бардык суроолору менен кайрыла алышат.

КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаменти:

+996 551 312 000 - ыкчам байланыш номери;
+996 555 007 626;
+996 708 52 21 37;
+996 707 989 895;
+996 709 983 465.

КРнын Нур-Султан шаарындагы элчилиги:

+7 (776) 124-88-33;
+7 777 4733009.

КРнын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу:

+7 777 8150072 Кайрат Жакыпов;
+7 777 0371448 Гульзат Абдурасулова;
+7 777 0275596 Жаркынай Сансызбаева;
+7 775 4634295 Медер Сапаралиев.

Пикир

Оставить комментарий