• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанга Россиянын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси келет

Коом 0

Бишкек, 6-июнь /Кабар/. 7-8-июнда Кыргызстанга иш сапары менен Россиянын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси, соода-экономикалык , илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык багытында түзүлгөн орус-кыргыз өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагасы Владимир Булавин келет.

Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, иш сапардын алкагында В. Булавин кыргыз өкмөтүнүнүн бир катар жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, 2017-жылдын 17-февралында Москва шаарында орус -кыргыз өкмөттөр аралык комиссиянын 19-протоколунун аткарылышын талкуулайт.

Ошондой эле, ал айрым министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусунда, эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы келишим боюнча, ЕАЭБдин алкагында Кыргызстанга техникалык көмөк көрсөтүү боюнча жолугушууга катышат.

Мындан тышкары, иш сапардын алкагында ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларга барат. Ал аталган мекемелерде жүрүп жаткан модернизация, ЕАЭБдин укуктук-келишим базасына дал келүү жана Россиядан тартылган гранттын өздөштүрүлүшү менен жакындан таанышат.

Пикир

Оставить комментарий