• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 6-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам 2017-жылы 31-майда Жогорку Кеңеш тарабынан “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын андан ары өркүндөтүү максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам Кыргыз Республикасынын Президенттинин 2013-жылдын 22-майындагы № 109 “Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун ишинин алкагында иштелип чыккан, анын жаңыланган курамы Президенттин 2015-жылдын 11-декабрындагы № 276 Жарлыгы менен бекитилген.

Мыйзам “катуу тизме” багытындагы чоң кадам болуп эсептелет. Депутаттын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арызды жеке берүү каралат.

Мыйзамда алгачкы 50 талапкердин тизмесинде ар кандай этностук таандыктагы кеминде 5 талапкердин жана 35 жашка чейинки кеминде 5 талапкердин “милдеттүү түрдө” болушун камсыз кылат (акыркы редакцияда тизменин алгачкы 65 талапкери деп каралган).

Аял-депутат мандаттан баш тарткан учурда анын ордун аял-депутат басат же, тескерисинче депутат-эркек мандаттан баш тартса, анын ордун депутат-эркек басат деген эрежени киргизүүнүн натыйжасында аялдар үчүн мурда мыйзамда белгиленген квотанын туруктуулугу камсыз кылынган.

Шайлоо күрөөсүнүн өлчөмү Президенттик кызмат орунга талапкерлер үчүн 100 000 сомдон 1 миллион сомго чейин көбөйтүлгөн.

Жумушчу топ иштеп чыккан конституциялык Мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңеште каралганда жеткире иштелип чыккан. Жумушчу топтун мыйзам долбооруна 2017-жылдын 2-майында өткөрүлгөн парламенттик угуулардын натыйжасы боюнча Жогорку Кеңештин бир катар депутаттарынан келип түшкөн сунуштар киргизилген.

Жогоруда аталган оңдоолордон тышкары Жумушчу топтун оңдоолорунан тышкары кабыл алынган Мыйзамдын негизги жоболоруна төмөнкүлөр кирет:

1) “Коомдук байкоочу” деген термин киргизилет, ал шайлоолорду даярдоого, добуш берүүнү өткөрүүгө, добуштарды саноого, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөгө жана шайлоонун жыйынтыктарын аныктоого мыйзамдарда каралган тартипте байкоо жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюму дайындаган адам болуп эсептелет.

Кабал алынган Мыйзамда Кыргыз Республикасынын жарандары эл аралык байкоочулар катары акредиттелбейт деп каралган.

2) Мыйзамда интернет-басылмаларга шайлоочуларга маалымат берүүгө жана шайлоо алдындагы үгүттөөгө катышууга укук берилген. Демек, интернет-басылмалар шайлоо өнөктүгүнө катышууну каалган учурда алар басылмаларга теңдештирилет.

3) басма, аудиовизуалдык жана башка үгүт материалдарын чыгарууга жана жайылтууга талаптар тастыкталган.

Мыйзамда кандай гана болбосун үгүт материалдарын жайгаштыруу максатында бак-дактарды, тоолордун капталдарын жана чокуларын колдонууга жол берилбейт.

Радио боюнча жүргүзүлүүчү шайлоо алдындагы үгүткө коюлуучу: бардык басма жана башка үгүт материалдары үгүт материалдарын даярдаган уюмдун аталышын жана дарегин (адамдын аты-жөнүн жана жашаган дарегин), ошол үгүт материалдарын даярдоого тапшырык берген адамдын аты-жөнүн (уюмдун аталышын), алардын нускасы жана аларды чыгаруу датасы жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле тапшырыкка акы төлөгөн талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аты-жөнүн камтууга тийиш деген талаптар колдонулбайт.

4) Мыйзамда добуш берүүнү өткөрүү жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө үчүн шайлоо участоктору шайлоочулар үчүн максималдуу ыңгайлуулуктарды түзүү максатында жергиликтүү жана башка шарттарды эске алуу менен түзүлөт деп белгиленген. Шайлоо участоктору тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүү күнүнө чейин 75 календарлык күндөн мурда, ар бир участокто эреже катары 2500 шайлоочудан көп эмес болгондой кылып түзүлөт. Шайлоо участокторунун чек араларын башкаруу Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен тартиптин негизинде жүргүзүлөт.

5) Шайлоочулардын сапаттуу жана толук тизмелерин камсыз кылуу максатында Мыйзамда шайлоочулардын тизмеси даярдыгына жана арналышына жараша алдын-ала, контролдук жана акыркы деп бөлүнөөрү каралган. Мындан тышкары Мыйзамда шайлоо тизмелерин түзүүнүн жана аны менен таанышып чыгуунун мөөнөттөрү кеңейтилген.

6) Мыйзамда төмөнкүлөр менен байланшкан маселелер регламенттелет:

добуш берүү үчүн жайда мониторду орнотуу;

шайлоо бюллетенине талаптарды аныктоо;

шайлоочуну идентификациялоо жол-жобосун жана мониторду талапкерлердин өкүлөрүнүн жана байкоочулардын көрүүсүн камсыз кылган шарттарды аныктоо;

шайлоочуну идентификациялоодо жабдуу иштебей калганда аракеттерди регламенттөө;

шайлоо бюллетенин берүү;

шайлоочунун анын биометрикалык жана персоналдык маалыматтары боюнча идентификациясын жүргүзүү;

добуш берүү үчүн үкөктөрдүн жайгашуусу;

добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү;

чүчү кулак менен аныкталган учсткалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө оператордун ишин добуш берүү күнү контролдоо жана аны менен бирдикте жарандарды шайлоочулардын электрондук тизмесинде идентификация кылуу милдеттерин жүктөө;

участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөө тартби;

добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын санын аныктоо.

7) Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жарыялоонун тартиби белгиленген.

8) Шайлоочуларды сатып алуу фактысы ырасталса анда талапкердин же талапкерлердин тизмесинин каттоосу жокко чыгарыла турган адамдардын тизмеси кеңейтилген.

Мындан тышкары талапкерге карата соттун айыптоочу өкүмүнүн күчүнө кирүүсү анын талапкер катары катталуусун жокко чыгаруу үчүн негиз болору каралган.

9) Кабыл алынган Мыйзамга ылайык кезектеги Президенттик шайлоолор жылдын октябрь айынын (ноябрдын ордуна) үчүнчү жекшембисинде өткөрүлөт, шайланган Президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ушул айда аяктайт.

10) Президенттин кызмат орунуна талапкердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо тартиби өзгөрөт.

Президенттин кызмат ордуна талапкер кесиптик ишти жүргүзүү үчүн баарлашуунун бардык чөйрөсүндө коммуникациялык компетенциянын деңгээлинде мамлекеттик тилди билүүгө тийиш, ал Өкмөт бекитүүчү мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоонун системасынын талаптарына ылайык “Ортодон жогору” деңгээл катары мүнөздөлөт. Тилди билүү деңгээли мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификат менен тастыкталат.

Мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификат ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан же тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча мамлекеттик тилди билүүнүн деңгээлин баалоо чөйрөсүндөгү мекеме тарабынан берилет.

Президенттин кызмат ордуна талапкердин же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификатты Борбордук шайлоо комиссиясына бербөөсү каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп эсептелет.

11) Президенттин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондусунун өлчөмү көбөйтүлөт.

Эсептик көрсөткүчтөн 15000 эсе ашпай турган талапкердин өздүк каражаттары 150 000 эсеге чейин көбөйтүлдү.

Саясий партия талапкерге бере турган жана эсептик көрсөткүчтөн 50000 эсе ашпай турган каражаттар 500 000 эсеге чейин көбөйтүлөт.

Ар бири эсептик көрсөткүчтөн 50 эсе ашпай турган жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрү 500 000 эсеге чейин көбөйтүлөт.

Ар бири эсептик көрсөткүчтөн 5000 эсе ашпай турган юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрү 500 000 эсеге чейин көбөйтүлөт.

Ошол эле учурда шайлоо фондусунун каражаттарынын эсебинен талапкердин сарптоолорунун эсептик көрсөткүчтөн 500 000 эсе ашпай турган чектик суммасы алып салынды.

12) Мыйзамда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн датасы такталды. Алсак, Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоону добуш берүү күнүнө чейин 100 календарлык күндөн эрте эмес, 90 календарлык күндөн кеч эмес убакытта Президент дайындайт. Иштеп жаткан чакырылыштагы Жогорку Кеңеш шайланган конституциялык мөөнөт аяктаган айдын биринчи жекшембиси добуш берүү күнү болуп эсептелет. Жогорку Кеңеш шайланган конституциялык мөөнөт ал шайланган күндөн баштап эсептелет. Мыйзамдуу курамда шайлоо болгон добуш берүү күнү Жогорку Кеңештин шайланган күнү болуп эсептелет.

13) Колдонуудагы мыйзамга ылайык саясий партия тизме боюнча көрсөтүүчү талапкерлердин жалпы саны 120дан кем жана 200 талапкерден ашык болбойт.Кабыл алынган Мыйзамда жалпы саны 75 талапкерден кем эмес болушу керек деп каралган.

14) Мыйзамда Жогорку Кеңешке өтүүнүн чеги 7%дан 9%га чейин көбөйтүлдү, ага жеткенде саясий партиянын тизмесиндеги талапкерлер депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө киргизилет.

Кабыл алынган Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет, буга төмөнкүлөрдү караган оңдоолор кирбейт:

- аял-депутат мандаттан баш тарткан учурда анын ордун аял-депутат басат же, тескерисинче депутат-эркек мандаттан баш тартса, анын ордун депутат-эркек басат деген ченем;

- чекти 7%дан 9%га чейин көбөйтүү.

Аталган оңдоолор 2020-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий