• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент экономиканы туруктуу өнүктүрүү үчүн коопсуздукту камсыз кылуунун маанисин белгиледи

Президент 0

Бишкек, 22-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-февралда өлкө Өкмөтүнүн алдындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы Канатбек Муратбековду кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысына өлкөдөгү инфраструктуралык, социалдык жана өнөр жай объектилерин курууда жана иштетүүдө талап кылынган нормаларды сактоого көз салуу иштери тууралуу маалымат берилди.

Канатбек Муратбековдун сөзү боюнча, 2012-жылы 7 инспекциянын текшерүү-көз салуу функцияларын бириктирүү аркылуу адамдардын өмүрүнүн жана саламаттыгынын, курчап турган чөйрөнүн коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик көзөмөлдүн натыйжалуулугун арттыруу менен бирге өлкөдө экономиканы өнүктүрүүгө жана инвестициялык климатты жакшыртууга өбөлгө түзүлдү. Бул аралыкта текшерүүлөр саны дээрлик 3 эсеге азайды: 2011-жылы 44 миӊ 202 болсо, 2016-жылы 15 миң 849 болгон.

Президент Алмазбек Атамбаев экономиканы туруктуу өнүктүрүү үчүн коопсуздукту камсыз кылуунун маанисин баса белгиледи. Анын айтымында, текшерүүлөр санын азайтуу жана алдын алуу чараларын жандантуу өлкө жарандары менен ишкерлеринин кызыкчылыктарына туура келет.

Пикир

Оставить комментарий