• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент: Эгемендик үчүн күрөшкөн аталарыбыздын эмгектерин тактап, жалпы журтубузга таанытышыбыз зарыл

Президент 0


Бишкек, 02.10.23. /Кабар/. “Эгемендик үчүн күрөшкөн аталарыбыздын эмгектерин тактап, жалпы журтубузга таанытышыбыз зарыл”, - деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-октябрда, Кочкор районундагы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн М.Сыдыков атындагы стадиондо Ормон Хандын 230 жылдыгына арналган салтанатта сүйлөп жатып.

Майрамдык иш-чара Ормон Хандын такка отурган тарыхын баяндаган театрлаштырылган пролог менен башталды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө кыргыз эли эң байыркы элдерден болгондугун тарыхчылар барган сайын улам бир жаңы маалыматтар менен тастыктап жатканын айтты. Ошол эң байыркы эл эчендеген алаамат согуштардан аман калып, бүгүнкү күндө анын эгемен мамлекетин дүйнө жүзү таанып олтурат.

“Кылымдарды карытып келе жаткан кыргыз эли өзүнүн мамлекети, даанышман жакшылары, жашоо эрежеси, мыйзамга тете нарк-насили болгондугунан улам сакталып келгендиги айкын. Бүгүн биз тарыхта белгилүү Барсбек, Алп-Сол бабаларыбыздан кийинки Тагай бий баштаган аталарыбыздын жолун улаган атактуу Ормон хандын 230 жылдыгын белгилеп, рухуна таазим этип, улуу кыргыз тарыхынын дагы бир маанилүү барагына кайрылып отурабыз.

Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов агабыздын “Атыңды унутпа! Тегиңди унутпа! Тарыхыңды бил!” деген насааты ар бирибиздин жүрөгүбүзгө жетип, элибиздин демине дем кошуп, намысын ойгото турган улуу сөз. Мына ошондуктан, уучубуз уланып, эгемен эл болуп калганыбызга кимдер себепкер болгонун, тагыраак айтканда, эгемендик үчүн күрөшкөн аталарыбыздын эмгектерин тактап, ирээтке салып, жалпы журтубузга таанытышыбыз зарыл. Антмейинче толук кандуу улуттук идеологиябыз жаралбайт, бул абдан маанилүү.

Бүгүн биз кыргыз элинин биримдиги үчүн күрөшкөн, өз доорунун атагы таш жарган инсаны Ормон хан Ниязбек уулунун 230 жылдыгын белгилөөгө чогулуп олтурабыз. XIX кылымдын башында кыргыз элинин “биз - кыргызбыз” деген этностук аң-сезими андан-ары өнүгүп, жаңы баскычка көтөрүлүп, ушундан улам, журт жакшылары уруулук бытырандылык көз каранды эместиктин жоюлушуна алып келээрин жакшы түшүнө баштаган. Бул мезгилде кыргыз эли татаал геосаясый кырдаалга кептелген маал эле. Кыргыз урууларынын биригүүгө умтулушуна коңшу мамлекеттердин кыргыз жерине, байлыгына көз артып, бул чөлкөмдү өзүнө каратып алуу аракетинин күчөшү түрткү болгон. Ушундай татаал кырдаалда Ормон Ниязбек уулу бытыранды кыргыз урууларын бир хандыкка бириктирүү демилгесин көтөрүп, бул маселе боюнча уруу башчылары менен кеңеш курган.

Ормон Ниязбек уулунун:”чачкын болуп жүрө берсек, эл-жерибизди жоготуп алабыз. Ата-бабабыздын жолун улап өзүбүзгө “хан” шайлап алалы. Ханды эл шайласын...”, - деп Курултай чакырганынын өзү эле анын келечекти көрө билген көсөм саясатчы болгонун айгинелеп турат”, – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ормон Хан бийлик жүргүзгөн жылдарды эстетип, резидент хандыктагы ички тартипти, ынтымакты чыңдоо, эл аралык мамилелерди жөнгө салуу, чек араларды тактоо, бийликти бекемдөө, элдин турмуш, маданиятын жакшыртуу багытында жасалган аракеттерди атап кетти. Булардын баарын тарыхый маалыматтар тастыктайт.

“Хандыктын мыйзамдары эзелтен келе жаткан элдик нарк-насилдин, үрп-адаттын негизинде такталып, ал “Ормон окуу” деп аталган. Мыйзам бузгандар катуу жазаланган. Мисалы, эр өлтүргөнгө – 300 жылкы, эриш бузганга – 40 жылкы, ууруга тогуздап айып салынган, уурулугун кайталаса, дарга асылган. Эл бузарлар менен чыккынчылар өтө катуу жазаланган. Анын катаал саясаты эл ичинде “Ормон опуза” деп аталган. Ормон Хан элдин, калктын турмушун жакшыртуу максатында элди мал чарбачылыгы менен катар дыйканчылыкты да өнүктүрүүгө үндөгөн.

Ормон Хан кезинде кыргыз жерине басып кирген душмандардын мизин кайтарып, Чүй жергесин коргоп калган. Сырткы душмандарга айбат көрсөтүп, ысымы Россия, Кытай империяларына угулган. Ормон Хандын мына ушундай иш-аракеттеринен анын геосаясий жагдайды терең аңдап-түшүнгөн стратег экенин, геосаясый кырдаалды кыргыз элинин түпкү кызыкчылыктарына жана пайдасына оодарууга умтулган көсөм экенин таасын көрө алабыз”, - деп, мамлекет башчысы өткөндөн сабак алып, келечекке туура жолду тандоо керектигин баса белгиледи.

Садыр Жапаров Ормон Хандын касиеттүү кыргыз жерин, ак мөңгүлүү Ала-Тоону коргоодогу өлчөөсүз эмгегин эске алып, учу көк тиреген кыргыз чокулардын бирин “Ормон Хан чокусу» деп атоону сунуш кылды. Ал чоку ата-бабаларыбыздын кыргыз элинин алдындагы эрдиги менен эмгегин эске салып турат.

Учурдан пайдаланып, Садыр Жапаров өлкөдө жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформа тууралуу кеп кылды. Эгемендик алгандан бери Кыргызстанда административдик-аймактык реформаны ишке ашырууга аракеттер жүргүзүлүп, укуктук-ченемдик актылар кабыл алынып, республикалык деңгээлде бир катар жумушчу топтор иштеп келет. Ошентсе да белгилүү себептер менен бул административдик-аймактык реформа өз максатына жетпей келген.

Президент бүгүнкү күндө ыкчам аракеттин негизинде өлкөбүздө этап-этабы менен аймактык-административдик реформа жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Анын натыйжасында Нарын дубанында 63 айыл өкмөтүнөн ирилештирүүдөн кийин 27 айыл өкмөтү түзүлгөн. Бул мамлекеттик бюджетти сарамжалдуу пайдалануу, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун, ыкчамдыгын арттыруу максатында кабыл алынган чечим болду. Реформанын натыйжасында Нарын облусу боюнча 113 млн сом акча каражаты үнөмдөлдү. Мындан сырткары, Министрлер Кабинети тарабынан социалдык-экономикалык абалды жогорулатууга түрткү катары жалпы 270 млн сом акча каражаты бөлүнүүдө. Ошондой эле жайыт, таза суу, сугат суусу жана таштанды маселелерин реформалоо менен кошумча 110 млн сом түшүүдө. Бул акча каражаттар жергиликтүү тургундардын жашоосун жакшыртууга, айыл аймактарды өнүктүрүүгө жумшалмакчы.

Садыр Жапаров бүгүн ошол 27 айыл өкмөтүнө кызматтык 27 жаңы автоунаа тапшырыла турганын билдирди.

Сөзүнүн аягында мамлекет башчысы чогулгандарды салтанаттуу окуя – Ормон хандын 230 жылдык мааракеси менен дагы бир жолу куттуктап, жалпы кыргыз элине күжүрмөн эмгек менен албан-албан ийгиликтерди жарата беришин каалады.

Ушул эле жерде президент Садыр Жапаров Ормон Хандын 230 жылдыгына карата уюштурулган аламан байге ат чабышта байгелүү орундарды ээлегендерди сыйлап, жеңүүчүгө батирдин ачкычын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий