• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад мэри Ормоков согуш ардагери Сафин Гаффандан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 02.10.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сафин Гаффандан кабар алып, 1-октябрь – Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар мэри кылым жашаган ардагерге ден соолук каалап, жергиликтүү бийликтин атынан белек тапшырды. Ошондой эле шаар бийлиги согуш ардагеринин бардык муктаждыктарын чечип, ар тараптуу жардам берүүсүн уланта турганын белгиледи.

Эскерте кетсек, жергиликтүү бийлик бүгүн калаадагы жалгыз бой, аз камсыз болгон карыялардан кабар алып, майрамдык белектерди тартуулады.

Жалал-Абад шаарында пенсия курагындагы 9426 жаран бар.

Пикир

Оставить комментарий