• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Карылардын эл аралык күнүнө карата Ошто улгайган жарандарга сый көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 02.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 2-октябрда Ош шаарында Карылардын эл аралык күнүнө карата улгайган жарандарга сый көрсөтүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мэр Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен, ооруктун эмгекчилеринен, социалдык жактан аялуу жана жардамга муктаж карыялардын үй-бүлөлөрүнөн кабар алынды.

Шаардык муниципалитеттен билдиришкендей, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, орун басарлары, Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлери, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана өкүлдөрү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен, ооруктун эмгекчилеринен, социалдык жактан аялуу жана жардамга муктаж карыялардын үйлөрүнө барып, аларга акчалай белектерди жана азык-түлүктөрдү тапшырышты.

Айта кетсек, муниципалдык кызматтар жана уюмдар тарабынан колдоого жалпы 400дөн ашык социалдык жактан аялуу жарандар алынган.

Улгайгандарга сый-урмат көрсөтүү иш-чарасы жарыяланган бир айлыктын алкагында өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий