• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто куткаруучулар Ленин чокусунда машыгууда

Аймак 0

Бишкек, 16.08.23. /Кабар/. ӨКМдин куткаруучулары кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында тоодон куткаруу иштерин практикалык түрдө аткарууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бийик тоолуу климатка өздүк курамды көндүрүү максатында уюштурулган иш-чара 14-18-август күндөрү Ош облусунун Чоң-Алай районунда жайгашкан Ленин чокусунда өткөрүлүүдө.

Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын мобилдик-куткаруу отрядынын өздүк курамы тоо шартында куткаруунун практикалык окуу сабактарына катышып, деңиз деңгээлинен 4350 метр бийик чокуга чыгып түшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий