• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таласта турмуштук оор кырдаалга кабылган 120 үй-бүлөгө көмүр таратылды

Аймак 0

Бишкек, 14.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 14-февралда Талас шаарында турмуштук оор кырдаалга кабылган 120 үй-бүлөгө көмүр таратылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайрымдуулук иш-чарасы Түркиянын "Адам укугу жана эркиндиги" гуманитардык фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү “Рисала” коомдук фонду тарабынан каржыланды.

Аталган кайрымдуулук иш-чара "Көмүр жардамы" долбоорунун алкагында уюштурулуп, күтүлүп жаткан суук аба ырайына карата 120 үй-бүлөгө 15 каптан көмүр таркатылды.

Талас шаарынын мэриясы Түркиянын "Адам укугу жана эркиндиги" гуманитардык жардам фондуна кайрымдуулук колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет.

Эскерте кетсек, IHH фонду 2000-жылдан тарта өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, бир катар кайрымдуулук иштерди жетектеп келет.

Пикир

Оставить комментарий