• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эртең Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүндө газ берүү убактылуу токтотулат

Аймак 0

Бишкек, 03.08.20. /Кабар/. Эртең, 4-август күнү саат 09:00дөн 17:00гө чейин Жалал-Абад шаарындагы бир катар көчөлөрдө газ берүү токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын «Жалалабатгаз» филиалы билдиргендигин Жалал-Абад шаардык мэриясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, эртең Кыргыз Республикасы, Гоголь, Дзержинский, Рабочая жана Чернышевский көчөлөрүндө газ берүү убактылуу токтотулат.

“Бул аймактарда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Андыктан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууга чакырабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий