• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жети мектеп, 33 турак үйдүн шифери учту – Лейлектеги куюн аралаш шамалдын кесепеттери

Аймак 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда 29-апрель күнү саат 21:00дөр чамасында куюн аралаш шамал катталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандайй, шамалдын ылдамдыгы секундасына 28-33 метрге чейин жеткен.

Шамалдын кесепетинен Лейлек районунун айыл аймактары боюнча жалпы 7 орто мектептин 75 даана, 33 турак үйдүн 476 даана жана 15 чарбалык курулуштун 248 даана шифери учкан.

ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Лейлек райондук ӨК бөлүмнүн кызматкерлери жана Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо жана жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүштү.

Пикир

Оставить комментарий