• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Оштогу «Узловая» жогорку чыңалуудагы көмөкчордондун кубаттуулугу эки эсеге көбөйөт

Аймак 0

Бишкек, 14.05.22. /Кабар/. Оштогу «Узловая» жогорку чыңалуудагы көмөкчордондун кубаттуулугу эки эсеге көбөйөт. Бул тууралуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Узловая» 220 кВ көмөкчордонунда кубаттуулугу 125 МВА болгон автотрансформаторду 250 МВАга алмаштыруу иштери жүрүүдө. Бул иштер алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, ошондой эле керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.

"Энергетикалык объекттин кубаттуулугун эки эсеге көбөйтүү Ош шаарынын жана Ош облусунун керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен тутумдук камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатат жана облустун жаңы керектөөчүлөрүн туташтырууга мүмкүндүк берет", - деп белгилешти ишканадан.

Пикир

Оставить комментарий