• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19: Баткен облусунда 50 эмдөө пункту иштеп жатат

Аймак 0

Бишкек, 05.08.21. /Кабар/. Баткен облусунда COVID-19дун алдын алуу үчүн жалпы 50 эмдөө пункту ачылган. Бул тууралуу облустагы эмдөө иштери тууралуу маалымат берип жатып президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков билдирди.

Анын айтуусуна караганда, саламаттык сактоо мекемелеринде 10 мобилдик бригада түзүлгөн.

"COVID-19га каршы эмдөө үчүн облуска 90 миң доза Sinopharm, 2 миң доза AstraZeneca вакцинасы бөлүнгөн. Жалпы облус боюнча 34 миң 478 адам эмдөөдөн өткөн", - деди ал.

Эмдөөдөн өткөндөр боюнча:

Баткен району – 5 976 (47,8%);
Баткен шаары – 2 539 (33,8%);
Кадамжай району – 14 419 (43,6%);
Лейлек району – 7 477 33,3%);
Кызыл-Кыя шаары – 2 700 (22,5%);
Сулүктү шаары – 1 367 (52,5%).

Пикир

Оставить комментарий