• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолу эки тараптуу жабылды

Аймак 0

Бишкек, 30.07.22. /кабар/. Кемин районунда саат 11:00дөр чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 128-129-чакырым аралыктарында сел жүрүп, кум-шагыл унаа жолду жабып калган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Учурда жол каттамы эки тараптуу жабык. Жерине куткаруучулар жана техника тартылган. Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий