• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто “Курманжан-Датка” МАБынын кичи районунун сырткы көрүнүшүн жаңылоо боюнча комплекстүү иштер жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 30.07.22. /Кабар/. “Курманжан-Датка” МАБында Абакир уулу Төрөбек көчөсүнүн айланасындагы кичирайондун сырткы көрүнүшүн жаңылоо боюнча комплекстүү иштер башталды. Учурда узундугу 1300 метр, туурасы 3 метр тротуар куруу боюнча пландык иш-чаралар жүргүзүлүүдө, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Мындан сырткары, көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы аймакты санитардык тазалоо, бактарды калыбына келтирүү, квартал ичиндеги жолдорду асфальттоо иштери аткарылууда. Жакынкы аралыкта бул жерде көп кабаттуу үйлөрдүн фасадына боёк берүү, ирригациялык системаларды, отургучтарды орнотуу, жалпы кичи районду жашылдандыруу жана көрктөндүрүү пландалууда.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов аталган кичи районду реконструкциялоонун алкагында тиешелүү кызматтардын жана мекемелердин жетекчилерине берилген тапшырмаларды өз убагында аткарууну белгиледи. Иш өз мөөнөтүндө аяктабаса жооптуу жетекчилерге тартиптик чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий