• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Кытайдын ТИМ башчылары эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

Саясат 0

Бишкек, 30.07.22. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жээнбек Кулубаев Кытай менен кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясатында артыкчылыктуу багыт экендигин билдирген.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндөн берки 30 жыл аралыгында эки тараптуу кызматташуунун бардык артыкчылыктуу багыттары боюнча олуттуу натыйжалар жетишилди.

Тараптар мындан ары да саясий диалогду чыңдоого жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин ортосунда жетишилген макулдашууларды иш жүзүнө ашырууга болгон күч аракеттерин жумшарын айтышты.

Ван Инин пикири боюнча, эки тараптуу мамилелер 30 жылдын ичинде чоң жолду басып өттү. Мамлекет башчыларынын стратегиялык жетекчилиги астында Кытай менен Кыргызстан жакшы коңшу, жакшы дос, өнөктөш жана бир тууган болуп калды.

Кытай менен Кыргызстан коопсуздук тармагында, салтуу коркунучтарга жана жаңы чакырыктарга каршы турууда активдүү кызматташып келет.

Жээнбек Кулубаев журналисттерге билдиргендей, кесиптеши Ван И менен болгон жолугушууда тараптар ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык алаканы чыңдоо боюнча пикир алмашышкан.

Пикир

Оставить комментарий