• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президенттикке талапкерлердин саны 23кө жетти

Саясат 0

Бишкек, 14-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. 12-июлга карата БШКнын берген маалыматына ылайык, президенттике талапкер болууну көздөгөн 23 жарандан арыз түшкөн.
Аталган ведомствонун расмий сайтында саясий партиялардан 3 арыз, калган 20 талапкер өзүн өзү көрсөткөндөр экени жазылган.
Талапкерлердин тизмеси:
- «Чистые патриоты Кыргызстана» партиясынын лидери Назаркул Нышанов,
- “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев,
- “Аурдин” ЖЧК директору Арстанбек Абдылдаев (“Кыш болбойт” фразасынын автору),
- “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн Ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев,
- “Коомдук анализ институту” КУ директору Рита Карасартова,
- “Маро” (Латвия) латвиялык фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Сайнидин Султанидинов,
- Борбор Азия эл аралык университетинин проректору Камила Шаршекеева
- Экс-премьер-министр Темир Сариев - Мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу
- БУУнун Афганистандагы саясий миссиясынын мурдагы директору Таалатбек Масадыков
- “Өнүгүү Прогресс” саясий партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев
- “Республика Ата-Журт” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов
- Замира Муратбекова – пенсионер (өзүн өзү көрсөткөн);
- Санжарбек Энназаров – убактылуу иштебейт (өзүн өзү көрсөткөн);
- Сагынбек Абдрахманов – “Сүймөнкул Чокморов” коомдук фондунун төрагасы (өзүн өзү көрсөткөн);
- Мукар Чолпонбаев - экс-депутат (өзүн өзү көрсөткөн).
- Чороев Кубан Аманбекович – “Байыркы көчмөн цивилизациясы” фондунун жетекчиси, финанист (өзүн өзү көрсөткөн).
- Сартаев Анвар Айдарович – пенсионер (өзүн өзү көрсөткөн);
- Турсунбек Акун – мурдагы акыйкатчы «Адам Укугу» партиясы көрсөткөн;
- Кочкоров Улукбек Тойчубаевич – ЖК мурдагы депутаты, убактылуу иштебейт (өзүн өзү көрсөткөн);.
- Бешбаков Куттубек Шамурзаевич (өзүн өзү көрсөткөн);
- Трофимов Игорь Алексеевич (өзүн өзү көрсөткөн);
- Жумабеков Максатбек Кадырбекович – убактылуу иштебейт (өзүн өзү көрсөткөн).
Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий