• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан жана Казакстан ТИМ башчылары 2024-2026-жылдарга кызматташуу программасына кол койду

Саясат 0

Бишкек, 29.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Кыргызстан жана Казакстан ТИМдеринин ортосундагы 2024-2026-жылдарга кызматташуу программасына кол койду.

КР ТИМден билдиришкендей, кол коюу аземи Казакстандын ТИМ башчысы Мурат Нуртлеунун Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында орун алды.

Жолугушууда ошондой эле эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилери саясий, соода-экономикалык, суу-энергетикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелеринин абалын жана өнүгүү келечегин талкуулап, эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсү боюнча пикир алышты.

Министрлер эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын, парламенттеринин жана өкмөттөрүнүн жетекчилеринин деңгээлинде саясий жана экономикалык байланыштарды үзгүлтүксүз жүргүзүүгө өз ара кызыкдар экенин билдиришти.

Министрлер эки өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары жетишкен макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн карап чыгып, 2024-жылга пландалган эки тараптуу жана көп тараптуу тышкы саясий иш-чараларды, сапарларды жана жогорку деңгээлдеги жолугушууларды уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Министрлер Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Казакстанга ушул жылга пландаштырылган расмий сапарына сапаттуу даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Сүйлөшүүлөрдө негизги басым соода-экономикалык кызматташтыкка, өнөр жай соода-логистикалык комплексин курууга, өз ара соода жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды жоюуга, товарлардын эркин өтүшүн камсыздоого жана кыргыз-казак чек арасында туруктуу кырдаалды сактоого жасалды.

Жээнбек Кулубаев өз ара пайдалуу экономикалык байланыштарды мындан ары тереңдетүү, эки тараптуу соода жүгүртүүнү көбөйтүү жана инвестициялык кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Эскерте кетсек, Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча 2024-жылдын 28-30-январында Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

Пикир

Оставить комментарий