• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таласта милициянын сержанты пара алып жаткан жеринен кармалды (видео)

Укук тартиби 0


Бишкек, 29.01.24. /Кабар/. Таласта милициянын сержанты пара алып жаткан жеринен кармалды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы менен биргеликте Талас облусунун аймагында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, пара алып жаткан жеринен Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкери милициянын сержанты Б.у.Н. кармалды.

Атап айтканда, Б.у.Н. системалуу негизде Талас районундагы соода түйүндөрүндө иштеген ыктыярчылардан акча каражаты алып турган.

Учурда жогорудагы фактыларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК жарандарды укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринин фактылары боюнча 0312-66-04-75 телефонуна аркылуу билдирүүгө чакырат. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Пикир

Оставить комментарий