• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында дүкөндөн 32 телефон уурдалган. Шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.12.22. /Кабар/. Ош шаарындагы борбордук базардагы контейнердин кулпусун бузуп кирип, 32 даана тлефон уурдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 13-ноябрында аталган дүкөндүн ээси арыз менен кайрылып, анда ал түн ичинде белгисиз адамдар анын контейнер-дүкөнүнүн кулпусун бузуп киришип, ар түрдүү үлгүдөгү кымбат-баалуу бир нече телефонун уурдап кеткендигин билдирген.

Арыз милицияга катталып, шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам иш-аракеттер башталган.

Натыйжада ыкчам кызматкерлер тарабынан бул кылмышка шектүү катары Кара-Кулжа районунун 1983-жылы туулган тургуну Т.М. кармалды.

Жалпысынан уурдалган 32 телефондун 22си шектүүнүн үйүнөн, калган 10 телефон сатыкка койгон жеринен алынды.

Шектүү уурулук жасагандан соӊ изин жашырып айылына кеткен. Андан соӊ бир нече күндөн кийин Ош шаарына келип,уурдалган телефондордон он телефонду башка дүкөнгө сатыкка коюп койгон. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда шектүүнүн үстүнөн уурулук жасагандыгы үчүн тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий