• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Жээнбек Кулубаев Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 03.04.24. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий сапарынын алкагында Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Жолугушууда Жээнбек Кулубаев президент Садыр Жапаровдун атынан Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимге жылуу сөздөрүн билдирүү менен жакынкы убакытта Кыргызстанга расмий иш сапары менен келүүгө чакыруусун жолдоп, Малайзия Кыргызстандын түштүк-чыгыш багытындагы тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи.

Министр Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын Малайзия менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташуусун мындан ары кеңейтүүгө жана бекемдөөгө кызыкдар экенин ырастады.

Тараптар сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин жана кыргыз-малайзия мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин, анын ичинде билим берүү, халал индустрия, инвестициялык секторду, ошондой эле биздин мамлекеттердин ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Мындан тышкары эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим КР президенти Садыр Жапаровго жылуу каалоо-тилектери үчүн ыраазычылык билдирип, кайра салам жолдоону өтүндү.

Премьер-министр Анвар Ибрагим Кыргызстангва расмий сапар менен келүү чакырууну ыраазычылык менен кабыл алды.

Пикир

Оставить комментарий