• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ноокат районунда Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери дүйнөдөн кайтты

Аймак 0

Бишкек, 30.04.24. /Кабар/. Бүгүн, 30-апрелде Ош облусуна караштуу Ноокат районунда Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери Карабай Бозорбаев 99 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Карабаев Бозорбоев 1925-жылдын 20-майында Ноокат районунун Чапаев айылында туулган.

1931-жылы башталгыч мектебине 1-класска барып, ал мектептен 5-класска чейин билим алган. 1936-1940-жылдарда Чапаев колхозунан эмгек жолун баштаган.

Карабай Бозорбаев 18 жаш курагында 1943-жылы согушка аттанып, Ленинград шаарында согушта болгон. Согуштагы каармандыгы үчүн бир катар орден, медалдар менен сыйланган. Согуш мезгилинде алган жаракатынан улам 2-топтогу майыптык алган.

1948-жылы согуш аяктагандан кийин аман-эсен кайтып келгенден кийин Чапаев колхозунда эмгектенип, пенсия жашына чейин элге кызмат кылган.

Карабай Бозорбаев өмүрлүк жолдошу Вазипа Бозорбоева менен биргеликте 4 уул, 2 кызга татыктуу тарбия беришкен.

Азыр анын артында 4 уул, 2 кызы, 20 небереси, 70 чөбөрөсү, 4 кыбырасы калды.

Маркумдун балдарына, неберелерине, чеберелерине, кыбыраларына жана жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана аза кайгыларын бөлүшөбүз. Карабай аксакалдын жаркын элеси элибиздин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Э.Н.Жантаев, Ш,Ж.Козубаев, Т.К.Арстанкулов, И.А.Ташбаев, С.Самидин уулу, Д.О. Рысалиев, Н.О. Бурканов, К.Г.Кожобеков, Р. Мурзаибраим уулу, М.Жээнбеков,

А.М. Махаммадов, О.К.Акимбаев, Г.Э.Машрапова, Ж.М.Субакожоев, М.Р.Абилов, Н.С.Зульпиева.

Пикир

Оставить комментарий