• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Күзүндө Бишкек Дельфий оюндарын өткөрүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 30.04.24. /Кабар/. Бишкек мэриясында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө-мамлекеттердин ачык Дельфий оюндарын өткөрүү маселеси талкууланды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ага Бишкек мэри Айбек Жунушалиев, мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, КМШга мүчө-мамлекеттердин Бишкек Дельфий оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча директору, координатору Владимир Понявин катышты.

Тараптар оюндардын алдын ала мөөнөтүн талкуулап, искусство фестивалын 30-сентябрдан 5-октябрга чейин өткөрүү пландаштырылды. Оюндардын форматы жана пландаштырылган жерлер да каралат.

Борбор калаа башчысы быйыл оюндар окуяларга бай жана масштабдуу болоруна ишеним билдирди.

Чыгармачылык сынактарга Кыргызстандын аймактарынан келген таланттуу балдар жана КМШга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү катышат.

Дельфий оюндары – бул чыгармачылык жактан шыктуу балдарды жана жаштарды табууга жана колдоого багытталган искусствонун түрдүү чөйрөсүндөгү эң ири чыгармачылык сынак. Бишкекте Дельфий оюндарын өткөрүү улуттук маданияттарды сактоого жана өнүктүрүүгө, балдар жана жаштар арасында адеп-ахлактык баалуулуктарды калыптандырууга, алардын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн ишке ашырууга, инсандын гармониялуу өнүгүшүнө, ошондой эле маданияттар аралык диалогду чыңдоого өбөлгө түзөт.

Оюндардын уюштуруучулары Бишкек шаарынын мэриясы жана КР Дельфий комитети.

Пикир

Оставить комментарий