• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда биринчи заманбап тигүү цехи ачылды

Коом 0

Ош, 30.07.18. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында биринчи заманбап тигүү цехи ишмердүүлүгүн баштады.

Жаңы тигүү цехинин ишмердүүлүгү менен шаар мэри Мураталы Тагаев таанышып чыкты. Жумушчулар менен жолугушуу учурунда жергиликтүү бийлик органдары жаңы ишканага жардам көрсөтүшө тургандыгын билдиришти.

Биринчи заманбап тигүү цехинин директору Абдыбакы Имаров эгер иштер өз нугунда жүрсө, жумушчулардын штатын 120 адамга чейин кеңейтерин, жаңы тигүүчү жабдыктарды алып келерин билдирди.

Учурда “Баян стиль” ишканасында 20 жумушчу эмгектенет. Алар айына 20 миң сом өлчөмүндө айлык алышат. Тигүү цехинде мектеп окуучулары үчүн кийимдерди тигишет. Алдыда цех калк үчүн кийимдин башка түрлөрүн дагы чыгарууну пландоодо.

Пикир

Оставить комментарий