• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Катар мамлекети Доха-Ош-Бишкек аба каттамын ачууга кызыкдар

Коом 0

Бишкек, 16.10.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы аба каттамдары жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Баяндамачынын айтымында, бул макулдашууну ратификациялоо аркылуу Кыргызстан менен Катардын ортосундагы эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө жана эки мамлекеттин ортосунда түз аба катнашына мүмкүндүк берилет.

Талкуу жүрүшүндө бир катар арап өлкөлөрү, анын ичинде Катар мамлекетинин Доха – Ош – Бишкек аба каттамын ачууга кызыкдар болуп жатканы белгилүү болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 19 учак катталып, анын 17си жеке жактарга, ал эми 2 учак мамлекетке таандык. Өткөн жылы Кыргызстанда учак аркылуу 3 млн жүргүнчү тейленген, анын 1 млн.дон ашууну ички каттамдагы жүргүнчүлөр болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий