• 88.68
  • 95
  • 0.95

Авариянын кесепетин жоюу. ЖЭБдин чатырын жабуу аракети көрүлүүдө

Коом 0


Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариянын кесепеттерин жоюуга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтарынан жалпы 712 кызматкер, 26 техника тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЖЭБдин имаратынын айланасын курулуш материалынын калдыктарынан тазалоо иши дээрлик аяктоо алдында турат.

"Учурда жалпы тартылган жумушчу топтун күчү ЖЭБдин чатырын жабууга жумшалууда. Кызматкерлерге жумушту баштоо алдында коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча нускамалар жеткирилип, ысык тамак менен камсыз болууда", - деп айтылат маалыматта.

ӨКМден кошумчалашкандай, ошондой эле жеринде жылынуу пункту катары 4 чатыр тигилген.

Пикир

Оставить комментарий