• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда экинчи глобалдык тоо саммити 2027-жылы өтөт – Байсалов

Коом 0

Бишкек, 10.12.22. /Кабар/. Кыргызстанда экинчи глобалдык тоо саммити 2027-жылы өтөт. Бул тууралуу Эл аралык тоо күнүнө арналган тегерек столдо КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Анын айтымында, саммит "Бишкек+25" аталышы менен өтөт.

"Иш-чаранын алкагында дүйнөнүн бардык тоолуу мамлекеттеринин өкүлдөрүн чакыруу пландалууда", - деди ал.

Эскерте кетсек, биринчи саммит 2002-жылы Эл аралык тоо күнүнүн алкагында Бишкекте өткөн.

2022-жылы февралда КР жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова КР президентинин “2022-жылды Тоо экосистемасынын жана климаттын туруктуулугунун коргоо жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында 2-глобалдык тоо саммитин өткөрүү пландаштырылып жатканын билдирген, анын негизги тезистеринин бири тоолуу өлкөлөр үчүн өзүнчө климаттык фонд түзүү болгон.

Пикир

Оставить комментарий