• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Катарда кыргыз жарандары үчүн виза режимин жөнөкөйлөтүү маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 10.05.24./Кабар/. Кыргызстандын элчиси Марат Нуралиев Катардын ички иштердин мамлекеттик министри шейх Абдулазиз бин Файсал Аль Тани менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүүундө тараптар кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин, эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосунда мурда кол коюлган документтердин аткарылышынын жүрүшүн талкуулашты.

Мындан тышкары, эмгек мигранттарынын жүрүү шарттары, ошондой эле Кыргызстандын жарандары үчүн визалык режимди жөнөкөйлөтүү маселелери талкууланды.

Өз кезегинде катар тарап компетенттүү органдардын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар жолугушууда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн байланыштарды улантууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий