• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте «KyrgyzBuild 2017» 15-маарекелик эл аралык жармаңкеси ачылды

Коом 0

Бишкек, 29-март /Кабар/. Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде жыл сайын өтүүчү «Kyrgyz Build 2017» эл аралык курулушу жармаңкесинин ачылышы болду. Бул тууралуу КР Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Көргөзмөнүн ачылышына салттуу түрдө КР Президентинин жана Өкмөтүнүн аппаратынын өкүлдөрү, КРнын тармактык министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилери, экспозициянын катышуучу өлкөлөрүнүн дипломатиялык миссияларынын өкүлдөрү, ошондой эле, Кыргызстандын жана чет элдик ири тармактык ишканаларынын жана бизнес түзүмдөрүнүн топ-менеджерлери катышышты.

КР экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров белгилегендей, курулуш тармагы өлкөнүн экономикасынын маанилүү багыттарынын бири. Анткени бул жааттагы жагымдуу шарттар иш орундарын түзүү, саылк жыйноо, инфратүзүмдү жана жалпы ишкер чөйрөсүн жакшыртууда маанилүү мультипликативдик таасир берет.

Жыл сайын бул көргөзмөгө кызыгуу өсүп жатканы кубандырат. Себеби, ал адистерге курулуш тармагынын жаңы жетишкендиктери жана технологиялары менен таанышууга эле шарт түзбөстөн, бардык каалоочуларга курулушу чеберчилигинин алдыңкы үлгүлөрүн көрүү мүмкүнчүлүгүн берет.

«Kyrgyz Build 2017» жармаңкеси аянтта беш багытта өндүрүүчүлөрдү жана дистрибьюторлорду бириктирет: «Kyrgyz Build» - “Курулуш жана интерьер, жылуулук жана вентиляция, терезе, каалга, фасаддар”, «Energy Expo» - “Энергетика жана жарык берүү, калыбына келүүчү жана салттуу эмес энергия булактары”, «Realty Expo» - “Кыймылсыз мүлк жана инвестициялар”, », «Kyrgyz Comex» - “Жол курулушу, атайын техника жана камсыздоочу жабдыктар” жана «SPEX» - “Өнөр жай коопсуздугу, куткаруу каражаттары жана өрткө каршы коргонуу”.

Маарекелик экспозицияга дүйнөнүн 12 өлкөсүнөн 64 компания катышат. Булар Россия, Казакстан, Беларусь, Украина, Кытай, Түркия, Кыргызстан, Германия, Түштүк Корея, Бириккен Араб Эмираттарынан, Италия, Швейцария, Польшадан ишенимдүү салттуу катышуучу компаниялар жана Кыргызстандын ири өндүрүүчү заводдорунун 110 расмий өкүлү стенддери менен катышат.

«Kyrgyz Build 2017» жармаңкесин КР Өкмөтү, КР Транспорт жана жолдор министрлиги, КР Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети, Улуттук энергетика холдинги компаниясы, КР Экономика министрлигине караштуу Мамлекеттик инвестиция жана экспорт агенттиги расмий колдоо көрсөтүүдө.

2016-жылдын 30-мартынан 1-апрелге чейин Бишкекте өткөн 14-маарекелик эл аралык жармаңкесине дүйнөнүн 10 өлкөсүнөн 4000 адам келген. Алардын негизги бөлүгү тармактык адистер, курулуш, энергетика тармагындагы менеджерлер жана маркетологдор, ошондой эле, ар кыл ишканалардын жетекчилери. Форумдун бириккен экспозициясы бир аянтта дүйнөнүн 7 өлкөсүнүн 60 компаниясы менен сунушталган. Экспоненттерди 130 стенд менен КР ири завод-ишканаларынын өкүлдөрү толукташкан.

Пикир

Оставить комментарий