• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Энергетика министрлиги Starkoff Co., LTD компаниясы менен кызматташат

Экономика 0

Бишкек, 10.05.24. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев 7-11-майда иш сапары менен Сеул шаарына барды. Министр Кореянын айлана-чөйрөнү коргоо министри Ва Джин Хан жана соода, өнөр-жай жана энергетика министри Ан Дук Гендин чакыруусу боюнча барган.

Ведомстводон маалымдашкандай, министрдин иш сапарынын негизги максаты Кореянын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, Кыргызстандын энергетика тармагына инвестиция тартуу болгон.

Алгач энергетика министри Ибраев жана Starkoff Co., LTD компаниясынын президенти Терри Ан менен буга чейин кол коюлган өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумду ишке ашыруу максатында жол картасына кол койду.

Кол коюлган документтин негизги максаты Starkoff Co., LTD компаниясы өндүргөн акылдуу эсептегичтерди, электромобилдерди заряддоочу станцияларды, жаңы технологияларды колдонуу менен тажрыйба алмашууга багытталган.

Мындан тышкары иш-сапардын жүрүшүндө энергетика министри Кореянын айлана-чөйрөнү коргоо министри Ва Джин ХАН менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында төмөнкү маселелер боюнча талкуулар жүргүзүлдү:

  • Кыргызстандагы шаарлардын экологиясын жакшыртуу;
  • штандыны кайра иштеп чыгуучу заводдорду куруу маселеси жана андан электр энергия, газ өндүрүү;
  • гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүнө инвестиция тартуу;
  • долбоорлорду ишке ашыруу үчүн гранттык каражаттарды бөлүү;
  • 2024-жылдын 10-11-июнда Венада өтө турган инвестициялык форумга чакыруу.

Пикир

Оставить комментарий