• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

КР СӨПтүн президиуму жаңы комитеттерди жана чет өлкөлөрдөгү өкүлдөрүн бекитти

Экономика 0

Бишкек, 31.01.24. /Кабар/. КР Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) президиумунун кезектеги жыйыны өтүп, анда жаңы комитеттер жана чет өлкөлөрдөгү өкүлдөр бекитилди. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө эки комитет жана алардын төрагалары бир добуштан бекитилди. Алар:

  • текстиль жана жеңил өнөр жай ишканаларын өнүктүрүү комитетинин төрагалыгына Зафарбек Сүйлайманов;
  • экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү комитетинин төрагалыгына Бакыт Дегенбаев.

Ошондой эле палатанын чет өлкөлөрдөгү өкүлдөрү бекитилди. Алар:

  • Таалай Шерхан түрк соода-өнөр жай палатасында өлкөбүздүн атынан чыгат;
  • Сергей Савельев Португалия, Испания, Франция жана Италия сыяктуу ЕБ өлкөлөрүндө КР Соода-өнөр жай палатасынын кызыкчылыктарын коргойт;
  • Назгүл Малабаева Кыргызстандын Венгриядагы Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү болду.

КР СӨПтөн кошумчалашкандай, жыйындын жүрүшүндө 2023-жыл үчүн аткарылган иштер жөнүндө жылдык отчет, палатанын 2024-жылга карата иш-чаралар планынын долбоору талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий