• 88.68
  • 95
  • 0.95

2022-жылы министрлер кабинетинин кепилдиги менен бизнеске $190 млн бөлүнгөн

Экономика 0

Бишкек, 16.02.23. /Кабар/. Өткөн жылы ишкерлер министрлер кабинетинин кепилдиги менен 190 млн доллар насыя алышкан. Бул тууралуу КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев 2022-жылдын жыйынтыгы жана 2023-жылга пландар боюнча коллегиялык жыйында билдирди.

Ал белгилегенлей, өлкөнүн экономикасы үчүн артыкчылыктуу мааниге ээ болгон долбоорлор кепилдиктерге ээ болгон. Алардын арасында:
- "Кыргыз Текстиль ЛТДга" 50 млн доллар;
- "Шумкар" трансулуттук корпорациясына 5,5 млн доллар;
- Орто-Токой суу сактагычына кубаттуулугу 21 мегават болгон "Чакан ГЭСинин" курулушу, долбоордун баасы 35,9 млн доллар;
- "Куланак" ГЭСин куруу үчүн "Нарын өнөр жай ишканасы" 98 млн доллар насыя берилген.

"Жергиликтүү ишкерлерге өнүктүрүү фонддорунан каражат алууга көмөк көрсөтүүнүн алкагында министрлик 20дан ашык бизнес-долбоорлордун шаблондорун иштеп чыкты. Быйылкы жылдын 1-кварталында 100гө жетебиз", - деп белгиледи Амангелдиев.

Пикир

Оставить комментарий