• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Жыл башынан бери Кыргызстан 120,2 миң тонна картошка экспорттогон

Экономика 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Жыл башынан бери Кыргызстан 120,2 миң тонна картошка экспорттоду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

"Пандемияга карабастан Кыргызстандын продукциялары экспорттолуучу өлкөлөрдүн географиясы кеңейүүдө. 2020-жылы жалпы экспорттун көлөмү 2,4%га өстү. Жашылча-жемиштин экспорту 2019-жылга салыштырмалуу 28,8%га жогорулады. Быйыл 43 миң 502 тонна кургатылган жемиш, 78 миң 514 тонна мөмө-жемиш экспорттолду (2019-жылдын 8 айында - 32 миң 343 тонна). Өзбекстанга, Тажикстанга, Кытайга, Иранга 120 миң 200 тонна жашылча экспорттолду", - деди ал.

Анын айтымында, картошканын экспорту 2019-жылга салыштырмалуу 112,9%га жогорулаган. Кыргызстан Kазакстанга 5 миң 582 тонна, Өзбекстанга 14 миң 426 тонна, Россияга 320 тонна, Түркмөнстанга 3 миң 305 тонна экспорттогон.

"Картошканын Түркмөнстанга экспорту 2019-жылга салыштырмалуу дээрлик 1 миң 11 тоннага көбөйдү. Төө буурчак экспорттолуучу өлкөлөрдүн катары 6 мамлекетке кеңейип, төө буурчак дүйнөнүн 10 мамлекетине экспорттоло баштады", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий