• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү жыл башынан бери $1,2 млрд түздү

Экономика 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. 2024-жылдын январында Кыргызстандын товарлар менен тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 1,2 млрд АКШ долларын түздү. Бул тууралуу брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Анын айтымына караганда, көрсөткүч 2023-жылдын январына салыштырмалуу 36,8 пайызга көбөйдү, мында экспорттук жөнөтүүлөр 46,6 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 35,1 пайызга көбөйдү.

Ал ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 278,3 млн АКШ долларын түзгөндүгүн жана 2023-жылдын январына салыштырмалуу 4 пайызга төмөндөгөндүгүн кошумчалады. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (70,0 пайыз) жана Казакстанга (27,6 пайыз) туура келди.

Пикир

Оставить комментарий