• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жазгы аскерге чакырылгандар кызмат өтөөгө узатылды

Коом 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Республикалык топтоо пунктунун базасында КР Куралдуу Күчтөрүнүн катарында мөөнөттүү аскер кызматын өтөө үчүн жазгы чакырылуучуларды узатуу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага КР КК ГШ Башкы уюштуруучу – мобилизациялык башкармалыгынын, аскер комиссариаттардын өкүлдөрү, КК ардагерлери, ошондой эле чакыруучулардын жакындары жана туугандары катышты.

Эске сала кетсек, 2024-жылдын 1-мартынан тартып Кыргызстандын аймагында КР Куралдуу Күчтөрүнө жазгы чакыруу өнөктүгү башталган

Пикир

Оставить комментарий