• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ат-Башыда бардык шарты менен заманбап машыгуу клубу ачылды

Аймак 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Ат-Башы айылында бардык шарттары менен заманбап машыгуу клубу ачылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ден соолукту чыңдоочу жайды жеке ишкер Нургазы Бекенов ачып, анын ачылышына район акими Э.Абдыкадыров, айылдык кеңештин депутаттары жана башка коноктор, айыл тургундары катышты.

Аким Абдыкадыров жеке ишкердин ишине ийгилик каалап, элдин ден соолугуна кам көрүүгө, бир катар оорулардын алдын алууга, сергек жашоо образын алып жүрүүгө шарт түзүп жатканына ыраазычылык билдирди.

Жеке ишкер Нургазы Бекенов алдыда камералар орнотулуп, дагы бир катар шарттар түзүлөрүн белгиледи.

Машыгуу клубунда атайын машыктыруучу бар жана керектүү шаймандар толугу менен камсыздалган. Ошондой эле кийинип-чечинүүчү бөлмө жана жуунучу жайы да салынган.

Белгиленгендей, машыгууга аялдар жана эркектер үчүн атайын графиктер түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий